Кыргызстан жаңылыктары

Курсан Асановдун жубайы УКМКга суракка барып, реанимацияга түштү image

14 Янв, 2021 1679

Ички иштер министринин мурдагы орун басары, президенттикке талапкер болгон Курсан Асановдун жубайы Күлнара Үсөнканова суракка келгенде өзүн жаман сезип, ооруканага жаткырылды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлагандай, ал 11-январда суракка келип ошол жерде өзүн жаман сезген. УКМКнын Аскердик медициналык кызматынын дарыгерлери анын абалын карап, медициналык текшерүүдөн өтүүнү сунуш кылышкан.

Үсөнканова «Юрфа» диагностикалык борборунда текшерилип, адистер стационардык дарыланууну сунуш кылышкан. Ал Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө жаткырылды.

Анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова бул маалыматты бышыктап, Үсөнканова инсульт болгонун, азыр реанимацияда экенин билдирди. Анын айтымында, атайын кызматка суракка адвокатсыз барган.

УКМК 7-январда Курсан Асановдун жубайын алдамчылык боюнча шек саналып жатканын жана ага карата сотко чейинки териштирүү иши башталганын билдирген.

Асанов 6-январда КТРКда өткөн дебатта өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн укуктары бузулуп жатканын айтып чыккан эле. Анын шайлоодогу ыйгарым укуктуу өкүлү Айгелем Нурбек кызы 8-январда тараткан билдирүүсүндө УКМКнын материалдарында талапкер Курсан Асановго каршы үгүттүн белгилери бар экенин айткан.




Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз