Кыргызстан жаңылыктары

Мекенге кызмат кылуу менен спортту айкалыштырган милициянын ага сержанты Жусупакун уулу Жумгалбек image Фото: www

15 Янв, 2021 250

Ош шаарындагы ИИМдин «Шумкар» Атайын багыттагы полкунун №3 батальонунун кызматкери, милициянын ага сержанты Жусупакун уулу Жумгалбек 2020-жылдын 13-14-декабрь күнү Оштун Кара-Суу районунда болуп өткөн EFS чемпионатында жеңүүчү табылып, чемпион курун тагынды. Бул тууралуу ИИМдин “Шумкар” АБПнын басма сөз кызматы билдирди. 

Жусупакун уулу Жумгалбек 1994-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кан-Коргон айылында туулган. Мектепте өкүп жүргөн убакытында эле спортко кызыгып, бир нече түрлөрү менен машыгып жүргөн. Кызмат учурунда күжүрмөн самбо боюнча бир нече мелдештерге катышып, байгелүү орундарды ээлеген. Милицияда эмгек жолун 2015-жылы Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын  атайын операциялар отрядынан баштаган. Азыркы учурда спортун ММА, күжүрмөн самбо жана кармашып мушташуу менен машыгып келет. 

Жетишкендиктерин айтып кетсек: ММА Вале-Тудо боюнча орто азиянын чемпиону, кармашып мушташуу боюнча чемпионатында 3 орун, профессионалдык WEF Prof fight, WEF celection, FFC турнирлеринин жеңүүчүсү. ММАнын спорт чебери, кармашып мушташуу боюнча спорт чеберчилигине талапкер. 


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз