Кыргызстан жаңылыктары

«Ералаш» юмористтик киножурналынын негиздөөчүсү Борис Грачевский көз жумду image Фото: www

15 Янв, 2021 280

«Ералаш» юмористтик киножурналынын негиздөөчүсү жана көркөм жетекчиси Борис Грачевский коронавирус оорусу менен күрөшүп жатып, 72 жашында көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, коронавируска кабылган Грачевский 2020-жылдын декабрь айынын соңунда №52 шаардык ооруканага жаткырылган. Анын абалы оор деп бааланган. «Грачевский коронавирус жуктуруп алганда алгач үй шартында дарыланып келген. Кийин гана дарыгерлер аны дарылоо үчүн ооруканага жеткиришкен», - деп айтылат маалыматта.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз