Коронавирус

Өлкөдө өткөн сутканын ичинде коронавирус 69 адамдан табылып, 3 адам каза болду image Фото: www

18 Янв, 2021 497

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 69 адамдан табылып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Каза болгондордун үчөө тең Бишкек шаарынан. Ал эми бир сутка ичинде 110 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Бишкекте – 55, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 31, Ош облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 9 киши коронавирустан айыгып чыкты, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө. Бүгүнкү күнү стационарларда илдеттен 790 бейтап, амбулатордук түрдө 967 адам дарыланууда. Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. 

Үй карантининен 3, стационардан 1 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 158 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 59 медкызматкер айыгып чыкты, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 83 миң 178 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 79 миң 104 киши айыгып чыкса, 1 миң 387 адам каза болду.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз