Коронавирус

Россиянын бардык аймактарында коронавируска каршы жапырт эмдөө жүрүүдө image Фото: www

19 Янв, 2021 553

Россиялыктар "Спутник V" же "Эпи Вак Корона" вакциналарынын бирин өзүнүн тандоосу менен ала алат. Эмдөө бекер жүргүзүлүүдө. 

Былтыр декабрда Россияда жарандардын аныкталган категориясына эмдөө жүргүзүү боюнча масштабдуу кампания башталган. Ириде медицина кызматкерлерине, мугалимдерге, өнөкөт оорусу барларга жана социалдык тейлөө тармагында иштегендерге жасалган. 

13-январда Россия президенти Владимир Путин өкмөт мүчөлөрүнүн жыйынында коронавируска каршы эмдөөнү жапырт жасоо боюнча тапшырма берген. Көп убакыт өтпөй Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги аймактарда COVID-19га каршы эмдөө жүргүзгөн жайларды көбөйтүү ишин колго алган. Россиянын "Спутник V" вакцинасын 1,5 миллиондон ашык киши алды.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз