23-январдан тарта Кыргызстанга учак менен келген жарандардын 72 саат ичиндеги ПЧР-анализи терс чыккан маалымдамалары болушу зарыл.
Мындай чечим коронавирустун жаңы түрүнүн алдын-алуу максатында кабыл алынганы Республикалык ыкчам штабдын кеңешмесинде айтылды. Эл аралык каттамдар менен келген учурда, жүргүнчүлөрдүн анкеталары санитардык-карантиндик посттордун кызматкерлерине берилет.
Аэропортто дене табын өлчөнүп, санитардык ченемдердин жана социалдык обочолонуу талаптары, ПЧР-анализи текшерилет. Кеңешменин жүрүшүндө жалпы билим берүү мектептеринин кадимки режимге өтүшүнүн алгоритми да талкууланды. Штабдын кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына тиешелүү тапшырмалар берилди.