Коронавирус

Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө каралууда image Фото: www

22 Янв, 2021 695

Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы эмдөөнү баскычтуу жүргүзүү маселесин карап жатат. АКШнын фАЙЗЕР вакцинасын жана аны сактаган муздаткыч алуу үчүн эсептөөлөр жүргүзүлүүдө. Бул жагдайды Саламаттык сактоо министрлиги терең изилдеп чыгып, вакциананы сактоого тиешелүү шарттарды түзгөндөн кийин гана эмдөө башталышы мүмкүн.

АКШнын Pfizer вакцинасын 70 градус нөлдөн төмөн температурада атайын муздаткычта сактоо зарыл. Саламаттык сактоо министрлиги аны сактай турган атайын муздаткычты даярдап, эмдөөнү ишке ашырууну пландоо маселесин карап жатканын билдирди. 

Алдын ала жүргүзүлгөн эсептөөлөргө ылайык, коронавируска каршы эмдөөгө алына турган болжол менен 1 миллион 200 адам бар экени аныкталган. Бул өлкөнүн жалпы калкынын 20 пайызын түзөт.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз