Патрулдук милиция изи сууй электе 600дөй кылмыштын бетин ачкан image

13 Июль, 2016 4921

Өлкөнүн ички иштер министрлиги жүргүзгөн  реформанын негизинде жол кайгуул кызматы жана кайгуул күзөт кызматы ушул жылдын апрель айында биригип, Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы деп аталып калган. Эми жол кайгуул кызматкерлери көчөлөрдө турбай, коомдук  тартипти бузгандарга да көзөмөл жүргүзүп кылмыш ишин ачууга кызуу киришти.

Бүгүнкү күндө патрулдук милиция башкы башкармалыгы  Бишкекте, Чүйдө, Ыссык –Көлдө толук кандуу иштеп жатат. Бул кызмат жол тартибин гана көзөмөлдөбөстөн, элдин коопсуздугун дагы карайт. Ошондой эле патрулдук башкы милиция башкармалыгында 102 кызматы дагы иштөөдө. Кызмат ишке киришкенден тарта 102 кызматына 3 ай аралыгында 6457 кайрылуу чыгып, изи сууй электе 600дөй кылмыштын бети ачылган.

Бегайым Абдыкадырова, “Биринчи радио”

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! 

WhatsApp +996551748118



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз