Дүйнө жаңылыктары

Арменияда абал курчуду image

19 Июль, 2016 893

18-июлдан баштап Түркия менен коңшулаш Арменияда абал курчуду. Мындай кырдаал  Кавказда гана эмес , КМШ жана Жакынкы Чыгышта кооптуу жагдайды түзөт. Мындан сырткары  Кыргызстан менен Армения  Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун мүчөлөрү.

Еревандагы эл жыш отурукташкан Эребуни районундагы полиция имаратын куралчан адамдар басып алган. Жекшембинин таңында отуздай куралчан адам полициянын кайгуул-күзөт кызматынын короосуна оор жүк ташуучу машине менен кирип барган.

«Негиздөөчү парламент» аттуу жарандык-оппозициялык кыймылдарынын  координатору Жирайра Сефилянды бошотууну талап кылышууда. “Негиздөөчү парламент” демилгеси тараткан билдирүүсүндө “өкмөттү кетирүү” жана “саясий туткундарды бошотуу” үчүн “көтөрүлүш башталды” деп айтышкан.

"Негиздөөчү парламентте" Карабак согушунун ардагерлери да бар жана алар буга чейин Армениянын президенти Серж Саргсяндын отставкасын талап кылып акция өткөрүшкөнү маалым. Бул уюм бийликтин Карабак боюнча саясатын кескин сындап келет. Эсиңиздерге сала кетсек өлкөдө парламенттик башкаруу боюнча  реферундум өткөн. Анын жыйынтыгы боюнча президент Серж Саргсяндын мөөнөтү бүткөндөн кийин Армения  парламенттик  республика болот. Мындай өзгөрүүгө Еревандагы  кооптуу   кырдаалга көңүл  бурганыбыздын себеби  Армения  Кыргызстан менен биргеликте Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун мүчөсү. Мындан сырткары Армения  менен коңшулаш Түркияда аскер төңкөрүшү ишке ашпай калды. Андан тышкары  мурдагы  президенттикке талапкер Раффи Ованнися́н Серж Саргсянды 2013-жылы шайлоону мыйзамсыз өткөргөн жана коррупцияга аралашкан деп айыптайт. Ованнисян Америка Кошмо Штаттарында төрөлүп, Лос –Анжелестеги университеттинин  саясат таануу адистигин бүткөн.

 

Джорджтаун университетинде юридика илимдери боюнча докторлук диссертациясын коргогон. Ата –Мекенине  1990 –жылы кайтып келген. Армениянын  биринчи  тышкы  иштер министри. Андан кийин коомдук бирикмелерде иштеген. 2007 –жылы парламенттин депутаты болуп шайланган. Эң кызыгы Гюмри шаарында 102-аскер базасы жайгашкан. Ошол эле учурда мамлекеттин борборунун жанындагы Ереван колунун тегерегинде Америка Кошмо Штаттарынын  элчилиги орун алган. Американын  дүйнө жүзүндөгү  эң чоң элчилиги Иракта, андан кийин Арменияда ачылган. Анын көлөмү 9 гектар. Ал эми  Еревандагы  туруксуз абал ,Тоолууу  Карабак маселесине терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Жирайра Сефилян өлкөдөгү оппозициянын  көрүнүктүү лидерлеринин бири. Ал Ливанда 1967 –жылы  төрөлгөн. Ливандагы жарандык согушка катышкан. Мурда  улутчул  Дашнакцутюн атындагы партиянын мүчөсү. 1990- жылдарынын башында Тоолуу Карабакка келген. Армян –азербейжан согушуна катышкан. Сефилян запастагы подполковник . 2002 –жылы Сефилян оппозицияга кошулат, радикал кыймылдарын жетекчиси болгон. Сефилян июнда ушул өңдүү иш-аракетти – куралдуу төңкөрүш жасоо аракетин уюштуруу боюнча айыпталып камакка алынган. Анда куралды мыйзамсыз сактоо беренеси да бар.

Сефилян биринчи жолу гана абакка камалган эмес. Мурда да ушул эле өңдүү айыптар менен кармашкан. Саналуу мөөнөттө отургандан кийин эркиндикке чыкчу жана саясий ишмердүүлүгүн улантып келген. Радикал маанайдагы  «Жаны Армения» аттуу  кыймыл бир нече оппозиция  партиялардан түзүлгөн. Ал эми Сефиляндын «Негиздөөчү парламент» атындагы кыймылын 2010 –жылы түзгөн. Эки кыймылдын башкы талаптары өлкөнүн конституциясына өзгөртүү киргизбөө , бийликтин толук алмашуусу. Ошол эле убакта мамлекеттин келечегин чечүү үчүн жаңы жыйын уюштуруу. Бирок эксперттердин пикиринде мындай радикал көз караштагы саясатчыларды Армениянын эли колдобойт. Эгерде күч түзүмдөр барымтадагы жарандарды бошотуу үчүн чабуул койсо, анда эки жактан оор жоготуулор болоору күтүлөт деп эскертишет.

Алмаз Батилов, «Биринчи радио»


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз