Mass media

Тынчтыкбек Чоротегин: Кээ бир кыргыздар өзүн кыргыз эмесмин деп эсептейт image

19 Июль, 2016 1573

Басма сөзгө баяндама

“Эркин Тоо”

“Кыргыз эли Сүйүнбай Эралиев менен коштошту” деген теманын алдында жарык көргөн мамлекеттик расмий гезитти ачып көрөлү. КРнын Баатыры, Эл акыны, Токтогул Сатылганов атындагы сыйлыктын лауреаты Сүйүнбай Эралиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатынан даярдалган репортажды алгачкы бетине жайгаштырган. Ушуга эле үндөш темада Кош устат деген ат менен КРнын Жогорку Сотунун Конституциялык Сотунун судьясы акын Жедигер Саалаев ...жүз жылдар мындан кийин да, дарактар желге  ыргала, шуудурап турат ушинтип.... биз жокпуз анда бир гана деген  ыр аралаш жазылган макаласын тартуулады. Устаты менен коштошкон саптарында Саалаев “Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең-бир киши”дегендей баатыр устатыбыз жашоодо өтө жөнөкөй ,карапайым, нарк-нускалуу кыргыздын адамгерчиликтүү мыкты сапаттарын боюна сиңирген касиеттүү карыя эле. Көзүнүн кареги менен тең айланып турган Альбина эже экөө бири-бирине куп жарашып турчу. Залкар акын менен замандаш болуп, биз шакирттери эженин колунан нечен ирет чайын ичип, устатыбыздын насаат сөздөрүн угуп, бирге жүрүп калганыбызга сыймыктанабыз! Аттиң дүйнө, Эми алардын орду аңгырап турат, Залкардын ордун ким толтурат! Экинчи өмүрүн баштап, акындын элге сиңип кеткен ырлары гана окурмандардын көз жашын сүртүп, көңүлүн жубаткансыйт деп эскерген Жедигер Саалаевдин макаласы бүгүнкү “Эркин Тоо” гезитинде.

Ушул эле бетте “Эркин Тоо” “Башкалардын маданиятын таңуулаган маңкуртчулукка каршыбыз” деген ат менен Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин: кыргыздын аялдары эч качан бетин паранжа менен жапкан эмес деп айткандарын, Кыргыз Эл артисти Түгөлбай Казаковдун: башка улуттардын кийимин кийип жүргөндөргө түшүнбөйм деп, биз деле өзүбүздүн маданиятты башкаларга таңуулап жаткан жокпуз го. Керек болсо Чынгыз хан деле дүйнөнүн жарымын басып алганда алардын маданиятына ишенимине тийген эмес. Учурда кыргыздардын кайсы бир бөлүгү салт-санааны, үрп адатты унутуп баратат. Кээ бир кыргыздар  өзүн кыргыз эмесмин деп эсептейт, Бул адамдар башка өлкө үчүн иштеп, алардын идеологиясын жайылтууда. Бул коркунучтуу тенденция” деп айткандарын, тарыхчы профессор Тынчтыкбек Чоротегиндин “биз мекендештерибизди улуттук кийимдерди кийүүгө чакырабыз” дегенин кагаз бетине түшүрүп, бул материалды даярдаган автордун мына ушундай ойлордон кийин ойлонолу, кыргызым.

Журт башы таштаган чакырыктын алдында жоопкерчиликти сезип,  өзүбүздүн улуттук жүзүбүздү тааныйлы деген чакырыгын да окуй аласыз. “Эркин Тоо” ошондой эле 14-17-июлга чейин Чолпон-Атадагы “Орион” эс алуу борборунда Эл аралык спорт журналисттер күнүнө карата Кыргызстандагы спорт журналисттеринин экинчи спартакиадасы болгонун кабардар кылат. Ушул эле жерде Тарых жана маданият жылында үстүбүздөгү жылдын 31-августунда Борбордук Ала-Тоо аянтында “Ак элечек айымдар” коомдук бирикмеси улуттук бий бийлеп улуттук кийимдерге арналган флешмоб өткөрөөрүн да жар салат.

“Кыргыз Туусу”

Баяныбызды “Кыргыз Туусу” менен улайлы.  Жашоого берген ыр азык, жалгандан кетти классик, жерди сүйгөн улуу акынды жерге бердик, деп Эл акыны Сүйүнбай Эралиевди эскерген макала менен жаңы санын ачты. Гезиттин  алгачкы бетинде мындан тышкары Президент Алмзабек Атамбаевдин Сүйүнбай Эралиевдин өмүрү чынчылдыктын, мекенчилдиктин үлгүсү деп эң баалуу сапаттарын белгилегинин толугу менен таанышып алыңыз. Президенттин иш күндөлүгүндөгү маалыматтар менен бөлүшө кетели. Жарандар сот органдарына канткенде ишенет деген аталышта Жогорку Соттун Конституциялык палатанын жаңы шайланган төрагасы Эркинбек Мамыровду кабыл алган учурдан жана Максат- пенсионерлердин турмуш деңгээлин жогорулатуу деген аталышта президенттин пенсиялык төлөмгө тиешеси бар КРынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мыйзамга кол койгонуна  Франциянын президентине айтылган көңүл айтуусун, Улуу Британиянын жаңы премьер министри Тереза Мейдин дайындалышын, Германиянын канцлери Ангела Меркелдин туулган күнүн куттуктаганы туурасында   маалыматтар  ортоктош болосуз. Кыргыз Туусу пресс бурчу кечээ күнкү Алматыдагы атышууларды, кыргызстандык врач Батыр Осмоновдун Японияда “мыкты илимий иш” боюнча биринчи орунду ээлегенин, президент “Азия МИХ” командасын куттуктаганын, коммуникация рыногундагы кризисти, тезек термей кезеги Өзбектсанда экендигин, кылмыштуу топтун мүчөлөрү кылтакта илинип жатканы жана өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстандын чек араларындагы көзөмөл өткөрүүчү пункуттарда кызматкерлер ишкерлерден акча талап кылып жатышкандыктарын ачыктаганын жазды. Кыргыз туусунун бүгүнкү санына мындан сырткары премьер мниистрдин Нарын облусуна жасаган жумушчу сапарынан жана Аскерийлердин аракети ишке ашкан жок деген Туркиядагы кырдаалдан маалымат ала аласыз.

 

Көйгөйдөн жазылган макала бар.Көз жүгүртүп койсоңуз.  Ал жер жүзүндө өз жанына өзү кечип суицидге барган адамдардын саны улам көбөйүп жатканын жазган суициддин азабын бир эле  кыргыздар эмес, жылына 300миң кытайлык, 160 миң индус, 37 миң америкалык , 30 миң орус, 30 миң япон, 16 миң француз, 10 миң украин эли өзүн-өзү кол салат деген дүйнөлүк статистиканы келтирген өзүнө кол салгандардын теги кайдан деген аталыштагы макаладан кенен кабардар болосуз.

“Фабула”

“Фабула” “Кайран кыргыз элим кайда баратабыз” деген теманын алдында жарыкка чыкты. Бул темага кенен токтолбой эле коелу.Тек гана макаланын автору болгон Тынчтыкбек Алтымышевдин  Кудайга жүзүңдү жаап эмес, жүрөгүңдү ачып жакында, Кудайга болгон сенин ишенимиң сенин гана ички дүйнөңдө болушу керек. Сен кара кийип, сакал кое берип, дамбалыңа чалынып, Кудайды сүйүүгө үндөй албайсың! Намазыңды оку, орозоңду тут, бирок өзүң коомго үлгү бол, үй бүлөңдү бак, уул –кыздарыңды эрте жашынан мажбурлаба, аларга атадан калган улуттук тарбияны бер, алар билимдүү, дүйнө таанымы бийик болсо, өздөрү эле ыймандуу боло алат деген идеологияга жапа тырмак киришмейин бул кенемтени толтуруу кыйынга турчудай. Бирок акыры бирөө баштап, аракет кылыш керек го. Ошол учур келди, аны жаманга жорубай жакшыга жанаштыралы. Адашкандарда айып жок, кайрылып кыргыз болсо деген  чакырыгына  токтололу. “Фабуланын” пресс бурчу Бекиловдун орду бек болгой эле дегенди Каадаланбай карапйым бололу деп биринчи вице премьер министрдин үлгүлүү жүрүшүнөн келтирген учкай сөзгө, Максүтөв мажүрө иштеп жатабы же өкмөт башчыдан алган сөгүшүнө, Шайлообу же жайлообу деген Университеттерге жүргөн реткор шайлоосуна кайырлган кабарларды тизди. Бизнесин бекиткен барболгурлар деп “Уурулар гана  тапканын катып жейт” деген аспирант деген каймана аты бар Кубанычбек Жумалиев, андан ары Аскарбек Шадиев жана байлыгын жашырып байкуш болгондордун катарына кирген Акылбек Жапаров деп атын атаган макала жарык көрүптүр. Көз жүгүртүп алыңыз.

Таалайгүл Сыдыкбекова, “Биринчи радио”


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз