Экономика

Токтогул ГЭСине суу арбын топтолду image

20 Июль, 2016 960

Быйыл Токтогул ГЭСиндеги суунун запасы былтыркыга караганда 4 млрд куб метрге көп топтолгон. Бул тууралуу өкмөттүн отун-энергетикалык тармагынын күзгү-кышкы мезгилге даярдыгы боюнча Республикалык Штабдын жыйынында белгилүү болду. Жыйынды биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев алып барып, өлкө энергетиктеринин суук мезгилге даярдыгын укту. 

6 ай аралыгында Кыргызстандын бардык энергокомпаниялары электр жарыгын керектөөдө лимиттен ашпай, 123,3 млн электр энергиясы үнөмдөлгөн.

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз