Дүйнө

Улуу Кытай дубалы тууралуу кызыктуу 10 факт. Дүйнөдөгү эң чоң көрүстөн image

20 Апр, 2021 1582

Улуу Кытай дубалы – адам баласы курган дүйнөдөгү эң кереметтүү курулуштардын бири. Аталган дубал Түндүк Кытайда жайгашкан. Төмөндө Улуу Кытай дубалы тууралуу кызыктуу 10 факт:

1. Улуу Кытай дубалынын жалпы узундугу 8851 км 800 метр, туурасы 5,5 метр, ал эми максималдуу бийиктиги 10 метр. Ар 200 метр сайын күзөт мунаралары орнотулган. Эмне үчүн эки жүз? Жебе ушунчалык аралыкта учат деп ишенишкен.

2.  Мунаралардын максаты - коргонуу, ошондой эле душмандардын чабуулу жөнүндө эскертүү. От бир мунарадан экинчи мунарага күйгүзүлүп, коңгуроо сигналын берип турган, күндүз бул билдирүү түтүн аркылуу берилген.3. Улуу Кытай дубалы - дүйнөдөгү эң чоң жана эң узун көрүстөн. Көптөгөн маалыматтарга караганда, курулуш учурунда миллиондон ашык адамдын өмүрү кыйылган.  

4. Улуу Кытай дубалы 1987-жылы Кытайдын тарыхый көрүнүктүү жерлеринин бири катары ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастарынын тизмесине киргизилген. Мындан тышкары, ал дүйнөдөгү эң көп келген туристтердин бири - бул жерге жыл сайын 40 миллионго жакын турист келет.5. Дубалды курууга 2000 жылдан ашык убакыт кеткен.

6. Дубалдын курулушу расмий түрдө 1644-жылы аяктаган. Андан бери бул жерде имаратты сактап калууга багытталган жумуштардан башка эч кандай иш жүргүзүлгөн эмес.6. Улуу Кытай дубалы космостон көрүнбөйт. Көпчүлүк адамдар уламышка ишенип, космонавттар космостон дубалды көрө алышат деп ойлошот. Бирок бул туура эмес, космостон ал таптакыр көрүнбөйт.7. Дубалды куруу учурунда кытайлар арабаны ойлоп таап, колдоно баштаган.

8. Бул жерде миңдеген согуштар болгон. Акыркысы 1938-жылы кытай-япон согушу.

9. Дубалдын эң бийик жери - Пекинге жакын Хейта тоосу (деңиз деңгээлинен 1,5 миң метр бийиктикте)10. Дубал кандай материалдардан курулган деп ойлойсуз? Кытайлар үчүн цемент аралашмасы күрүч боткосу болгон, ал өчүрүлгөн акиташ менен аралаштырылган.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз