Аналитика

Мунайдын арзандашы бир катар өлкөлөрдүн багытын, саясатын өзгөртүшү мүмкүн image

19 Янв, 2016 32768

Талдоочулар муну батыш мамлекеттери тарабынан Иранга киргизилген санкциялардын алынышы менен байланыштырат.

Мунайдын дүйнөлүк баасы күн санап арзандап жаткан учурда, Ирандан батыш өлкөлөрү киргизген санкциялардын алынышы ага кошумча түрткү болду. Баррели 28 долларды түзгөн мындай нарк 2003-жылдан бери күтүлгөн эмес. Бул жагдай кара майды соодалаган өлкөлөрдүн ортосундагы атаандаштыкты болуп көрбөгөндөй жогорулатат деп болжогондор арбын. Мунайдын өндүрүшү кеңейгени менен аны керектөөнүн көлөмү кескин кыскарууда.

Алгач, күйүүчү майдын Кыргызстандагы наркына көңүл бурсак. Акыркы эки аптада баа 3 ирээт ылдыйлады. 92 маркадагы бензин 4 сомго арзандап, учурда 35 сомдун тегерегинде сатылууда. Кыргыз фондулук биржасынын директорлор кеңешинин төрагасы Абдуталип Султанов буга дүйнөлүк базардагы өзгөрүүлөр себеп экенин айтат. Өндүрүш менен керектөөнүн көлөмдөрү шайкеш келбей жатат.

Күйүүчү май арзандап жатат делгени менен Казакстандагы баага салыштырууга болбойт. Коңшу өлкөдө бензиндин баасы 10 сомго арзан. Айрым экономисттер буга мунай бизнесин жүргүзгөндөр товарды жаңы жылга чейин эле кымбатыраак баада алып келишкенине байланыштырат. Андыктан арзандоолордун толкуну Кыргызстанга келе элек. Ал эми экономика илимдеринин доктору, Нефтетрейдерлер ассоциациясынын мурдагы төрагасы Жумакадыр Акенеевдин айтымында баанын төмөндөшү буга чейин эле байкалышы керек болчу.

Күйүүчү майдын Кыргызстанда да арзандашы өлкө жарандарын кубандырганы менен, мунун экономиканын башка багыттарына кыйынчылык жаратаарын болжогондор бар. Бул мунайга таянган орус экономикасынын абалына байланыштуу. “Сереп” изилдөө борборунун өкүлү Искендер Ормон уулу өнөктөш мамлекеттеги алсыроонун эпкини Кыргызстанга тиээрин боолголойт.

2014-жылы Мунайдын дүйнөлүк наркы баррелине 115 долларды түзгөн. 2015-жылдын январында 50 доллардан ылдыйлаган. Ал эми жыл жаңыргандан бери 30 доллардын тегерегинде кармалып турса, Ирандан санкциялар алынганы жарыяланаары менен дагы өзгөрүү байкалды. Эми жакынкы учурларда 20 долларга түшөт деген божомолдор айтылууда. Иран урандын өндүрүшүн куралдануу максатында жүргүзүп жатат деген батыш өлкөлөрү акыркы 10 жылдан бери анын мунайын сатып алуудан баш тартып, банктардагы каражаттары да камакка алынган болчу. Бул тоскоолдуктар жоюлуп, өлкө буга чейин суткасына 500 миң баррель күйүүчү май сатып келсе, эми анын көлөмүн эки эсеге көбөйтө алаары болжолдонууда.

Тоңдурулган каражаттар колдонула баштап, дүйнөлүк рынокко иран фактору өз таасирин тийгизгени жатат. Сауд Аравия мунай өндүрүшүндөгү маанилүү өлкөлөрдүн уюму ОПЭКтин жыйынында бааны жогору кармоо үчүн, өндүрүштү кыскартууну сунуштап, бирок Иран аны четке каккан. Тегерандын санкциялар жоюлгандан кийинки дымагы бул атаандаш өлкөсүн гана эмес, саясий өнөктөшү Орусияны да чочулатууда. Ошол эле учурда нарктын төмөндөшү Ирандын өзүндө кандай кабылданууда деген суроо жаралбай койбойт. 

Расмий Тегеран мунайдын баасы 20 долларга түшсө да ал өлкө үчүн көйгөй эмес экенин белгиледи. Бирок, бюджетинин негизги бөлүгүн мунай экспортунан толтурулган мамлекеттин мындай билдирүүсүнө дүйнөлүк коомчулук анчейин ынана берген жок. Ал эми Орусияга бул нарк пайда чындап эле пайда алып келбейт.

Калыгул Асамбаев 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз