Culture

Көчмөндөр оюнуна 1 ай 4 күн калды image

1 Авг, 2016 1207

Ошентип дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна бир ай төрт күн убакыт калды. Азыр аймактарда маданий шоу программаларга карата даярдыктар дагы кызып турган маал. Бүткүл дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюнуна туура 34 күн калды. Бүгүнкү күндө бул иш чараны күткөн элдин саны арбын. Ошондуктан даярдыктар кызуу жүрүүдө. Айта кетсек, Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун курулушу аягына чыгып калды, саамалыктын ачылыш жана жабылыш аземине даярдык жүрүүдө, мындан тышкары чакырылган коноктор такталып, спорт делегациялары жана массалык маалымат каражаттарынын аккредитациясы жүрүп жатат.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз