Коом

Туристтердин көңүлүн айныткан ажатканалар image

2 Авг, 2016 1010

Маданият  искусство, опера- балет, же театр  эмес, маданият өзүңдүн жеринди сыйлоо. Ал үчүн биринчи кезекте  тазалыкты сактап, бөтөн элге  сөз  болбогудай даараткана  салынышы  керек,-дейт   Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын  төрагасы  Султан Раев.  Аталган дирекция  быйыл  «Ар бир 100 чакырымда — «Э.А.» аттуу жалпы республикалык акцияны өткөрүүү демилгесин колго алышкан эле. Иш-чара негизги стратегиялык жолдордун боюндагы инфраструктураны жакшыртууга, жол четине коомдук ажатканаларды орнотууга багытталып,  ага  өкмөттүн бардык облустагы өкүлчүлүктөрү, райондук акимиаттар, мамлекеттик жана башка органдар, юридикалык жактар катышмай болушкан. Бирок  аталган демилге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан  колго алынбай жаткандагына нааразылык артты дейт Раеву. Бул айтылгандарды башкы санитардык көзөмөл  кызматы да тастыктайт.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз