Коргонуу жана коопсуздук

Сирияга согушка үндөгөндөр азайган жок image

4 Авг, 2016 1762

Сириядагы согушка кеткен  кыргызстандыктардын саны 600дөн ашты. Ички иштер министрлиги кан күйгөн жерге аттангандар азайып жатканы менен үгүт жүргүзгөндөр өз ишин токтотушпаганын билдирүүдө.

Сирияга аттангандар азайды делгени менен маселе олуттуу бойдон калып жатат. Жакынкы Чыгыштагы согушка кеткен 600дөн ашуун кыргыз жаранынын 70и майдан талаасында набыт болушканы кабарланган. Тиешелүү мекемелер экстремисттерди түрмөдө кармоо абалды жеңилдетпегенин, тескерисинче алардын идеологиялары абак жайларда таркап жатканын кайталашууда.

Сирияга согушка үндөгөндөр азайган жок. Жакынкы Чыгыштагы абал террорчулар үчүн ыңгайсыз багытка бурулуп, согушчандардын катары суюлду делгени менен ал эстремисттердин демин суутпагандай. Интернет мурдагыдай эле негизги курал болуп жатат. Жакынкы Чыгыштагы майдан талаасында жүргөндөр жакындарын жанына чакырып алган учурлар арбын. Ош шаардык Ички иштер башкармалы- гынын маалымат-катчысы Замир Сыдыков соңку окуяны буга мисал келтирет. Аэропортто Ош-Москва-Стамбул каттамын күтүп жатып кармалган 20 жаштагы жарандын жакындары Сириядагы жүрүшкөнү аныкталган.

Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин билдирүүсүнө таянсак, бүгүнкү күнгө чейин Сириядагы согушка Кыргызстандан 600дөн ашык адам кеткен. Алардын жүз чамалуусу аялдар. УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов кайтып келгендер көзөмөлдө экенин айтат. Кыргызстандан Сирияга эң көп 2013-жылы кетишкен.

 

Андан бери тиешелүү иш-чаралар жанданып, милиция кызматкерлери өлкө ичинде экстремизмге каршы түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүп келишет. Жалгыз Кыргызстандан 600дөн ашуун адамдын Сирияга аттанышы көпчүлүктүн баамында маселенин олуттуу экенинен кабар берет. Серепчи Токтогул Какчекеев буга миграциялык агымдын таасири бар экенин белгилейт. Тиешелүү мекемелер экстремизмге каршы активдүү иштер жүргүзүлгөнү менен, өлкө сыртында мүмкүнчүлүктөр кеңири эмес.

 

Ички иштер министрлиги кыргыз жарандарынын Сирияга кетип калышынын алдын алуу үчүн КМШ өлкөлөрүнүн тиешелүү органдары менен оперативдүү кызматташтык күчүндө экенин билдирет. Түркия сыяктуу чет мамлекеттерде дипломатиялык каналдарды гана колдонууга аргасыздык бар. Согушка, зордук-зомбулукка үндөп, радикалдык кадамдарынан улам колго түшкөндөрдү түрмөдө кармоо маселеси да көйгөйдү чечпей жатканы айтылып келет. Тескерисинче абак жайларда экстремисттик идеологиялар жайылууда. Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгынын башчысы Райым Салимов түрмөгө камоо менен чектелбей, аларды туура багытка бурууну колго алуу зарылчылыгын айтат.

Айтылып жаткан маселе Коргоо Кеңешинин жыйынында да козголуп, абак жайларда атайын борборлорду түптөө демилгеси көтөрүлгөн. Көпчүлүк талдоочулардын баамында экстремисттик идеологиялар Кыргызстанга Өзбекстан тараптан оогон. Жалгыз күч түзүмдөрүнүн гана эмес, дин ишмерлеринин, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн да бирдиктүү аракети менен мындай мүнөздөгү кылмыштар азайган. Бирок, ишти жыйыштырып, тыным алуу абалды кайра оорлотоорун айткандар арбын.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз