Коом

Кызыл-Жар айылындага психиатриялык оорукананын абалы оор image

8 Авг, 2016 2256

Таш-Көмүр шаарына  жакын жердеги  Кызыл-Жар айылында жайгашкан республикалык психиатриялык оорукананын абалы өтө оор. Бул жерде оор кылмыш жасап, психикалык  жактан мандеми бар кылмышкерлер, мындан тышкары өлкөбүздүн ар аймагынан келген оорулуулар дарылануудан өтүшөт. Оорукананын имараты эски, эң негизгиси бул жерде  бир катар мыйзам бузуулар  орун алып жатканы жакында  Акыйкатчы  Кубат Оторбаевдин    республиканын түштүгүндөгү психиатриялык ооруканалардын абалы менен таанышуу учурунда маалым болгон. Омбудсмендин айтуусунда, Кызыл-Жарда  оорулуу аялдар   менен  эркектер  жана оор кылмыш  жасагандар менен  психикалык  ооруга  шектүүлөр  бир имаратта дарылануудан өтүшөт. Бул мыйзамга туура келбеген көрүнүш,-дейт ал. Белгилей  кетсек, Кызыл-Жар айылындагы  республикалык психиатриялык оорукана  мындан мурунку  жылдары дарыланып жаткан кылмышкер Заур Магомедовдун ооруканадан качып чыгып, каракчылык кылганы, милиция кызматкерлерин атып кеткени  менен коомчулукка белгилүү болгон эле.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз