Мультимедиа

Бүгүнкү күнгө карата COVID-19 менен ооруган 132 бейтаптын абалы оор - Статистика image

25 Июнь, 2021 1586

Республикалык штабдын маалыматы боюнча, 25-июнга карата 2 702 бейтап стационардык дарыланууда.

Анын айтымында, алардын ичинен:

23 (0,8%) - канааттандырарлык абал;

1689 (62,5%) – орто оордукта;

858 (31,7%) – оор абалда;

132 (4,8%) - өтө оор абалда.

Ошондой эле, 5 862 бейтап амбулатордук дарыланууда.

Эске салсак, 25-июнга карата 875 коронавирус инфекциясы катталып, 533 адам илдеттен сакайды.

Курман болгондордун саны күн сайын өсүүдө. Кыргызстанда COVID-19дан каза болгондордун жалпы саны 1964 миң адамга жетти.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз