Culture

Көчмөндөр оюндарына билеттер 100 доллардан жогору баада сатылабы? image

9 Авг, 2016 1770

Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына билеттер 100 доллардан жогору баада сатылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарын уюштуруу катчылыгы билдирди. Буга чейин “Биринчи радиого” угармандар билеттер 3000 сомго чейинки баада эмес, коррупциялык жол менен 100-150 долларда сатылып жаткандыгын кабарларган болчу. Ысык-Көл жээгинде өтө турчу жылдын ири спорттук жана маданий иш-чарасына 26 күн калды.

2014-жылы өткөн Көчмөндөр оюндарынан спорттун жаңы түрлөрү менен да айырмаланат. Башка көчмөн элдердин да спорттук оюндары программага киргизилди- деп билдирди Cпорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү борборунун директору Алмаз Касенов. Учурда спорттук оюндарга катыша тургандыгын 29 мамлекет тастыктады.

Ошондой эле II Дүйнөлүк көчмөн оюндарынын өзгөчө маанилүүлүгүн жана масштабдуулугун эске алуу менен, иш-чараларды уюштуруучулар жана укук коргоо органдары тарабынан коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча, анын ичинде Оюндар өтө турган жерлерде тартуу иштерин жүргүзүү учурунда зарыл болгон бардык чаралар кабыл алынат. Келген меймандар, туристтер, Оюндарга катышуучу-спортчулар арасында ар кандай кырсыктарды болтурбоо максатында, Көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш аземинде дрондорду колдонууга тыюу салуу тууралуу чечим кабыл алынды.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз