Дүйнө

Дубайда дүйнөдөгү эң терең бассейн ачылды. Видео image

12 Июль, 2021 915

Бириккен Араб Эмирлигиндеги Дубайда дүйнөдөгү эң терең бассейн ачылды. Анын тереңдиги 60 метр. Ал сууга түшүүгө ылайыкталган жана чөгүп кеткен шаарды эске салат.

Дайвинг үчүн салынган бассейн дүйнөдөгү эң терең болуп, Гиннесстин рекордун койду. Дубайдагы спорттук жана көңүл ачуучу жай мурунку рекордчу - Польшадагы Deep Spot бассейнинен дээрлик 15 метрге терең.

Аталган жайдын ээлеринин айтымында, суу алдындагы кооздукту көрүү үчүн бир нече жолу сууга түшүү керек. Ыңгайлуу сууга түшүү үчүн бассейндеги таза суунун температурасы 30 градуска чейин сакталат. Суучулдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн суу алдындагы бассейн 56 видеобайкоочу камералар менен жабдылган. Бирок, чукул кырдаал жаралса, анда 12 адамды батыра турган басым камерасы бар.

Бассейнде 14 миллион литр суу бар, бул болжол менен алты Олимпиада көлөмүндөгү бассейнге барабар. Дайвинг менен алектенбегендер башкалардын сууга чөмүлүүсүн комплекстин ичине орнотулган ресторанда көрө алышат, деп билдирди Улуттук коомдук радио.

Бассейнге кирүү чакыруу менен гана болот. Ага алгач Дубайдын мураскор ханзаадасы Шейх Хамдан бин Мухаммед бин Рашид Аль Мактум жана Уилл Смит баш болгон атактуу адамдар келип, сууга чөмүлүүсү менен социалдык тармактарда бөлүшүштү. Аталган жай июль айынын аягында эл үчүн ачылып, каалаган адам 10 жаштан жогору болсо, бассейнге сүңгүп түшө алат.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз