Коом

Өзгөн шаарынын борбордук көчөсү чакан базарга айланды image

11 Авг, 2016 1289

Өзгөн шаарынын борбордук көчөсү чакан базарга айланды. Жол боюндагы соода-жайлар акырындап көбөйүп отуруп, эки жыл ичинде бир  чакырым аралыкка жетти. Жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдон азык-түлүктөн тарта  кийим-кечээ да тапса болот. Жол боюнда иретсиз жайгашкан базардан айрым  тургундар басып баратып соода кылууну адатка айланткан. 

Манас көчөсү жайма базарга айланып, жөө жүргүнчү басчу жол барган сайын тарып баратат. Алгач жол боюндагы соода-сатык борбордук базардын гана айланасында болсо, азыр көчөнүн башынан этегине чейин жетти. Ижара акысы жок жерге күн өткөн сайын кошулган сатуучулар көбөйүп баратканын жашоочу Миталип Акбалаев айтат. Учурда жол боюнда өз алдынча соода кылгандардын саны 150дөн ашат. Ээлеген жерлери бир чакырымдай аралыкка жетип калды. Калаанын борбордук көчөсүндөгү мындай баш аламандык шаардыктардын ары-бери жүрүүсүнө тоскоолдук жаратууда.

Абалды жөнгөрүү үчүн Өзгөн мэриясы сатуучуларга базардан жай ажыратышкан. Бирок эл көнбөйт деген жүйө менен соодагерлер киришкен эмес. Айласы кеткен мэрия иреттүүлүк болуш үчүн жол боюна соода күркөлөрүн да коюп көрдү. Бирок ал менен баш аламандык жоюлган жок. Өзгөн мэриясынан кошумчалашкандай, жакында жол боюндагы сатуучуларга конкреттүү чара көрүлүп, "Келечек" базарына которушат.

Асанбек Пазыл, «Биринчи радио», Ош


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз