Дүйнө

Пакистанда автобус жарылып, ондогон адам көз жумду image

15 Июль, 2021 842

Пакистанда автобустун жарылуусунан 13 адам каза болуп, 39 адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик МККлар жазып чыкты.

Өлкөнүн түндүк-батышындагы Хайбер Пахтунхва провинциясынын Жогорку Кохистан районунда жарылуу орун алган. Автобус жумушчуларды Дасу аймагындагы жумушчу орунга жеткирип бараткан.

Көп өтпөй окуя болгон жерге коопсуздук күчтөрү, полиция кызматкерлери жана куткаруучулар келишкен. Алар жаракат алгандарды жана көз жумган адамдардын сөөктөрүн жакынкы ооруканага жеткиришкен.

Маалым болгондой, автобуста курулуп жаткан дамбага бараткан кытай инженерлери, геодезисттер жана механиктер болгон. Алардын тогузу көз жумган.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз