Мультимедиа

2021-жылдын 12-июлунан 16-июлуна чейинки эпидемиологиялык кырдаал - Статистика image

16 Июль, 2021 3566

Республикалык штабдын маалыматы боюнча өлкөдө коронавирус катталган учурлардын саны 140 миңден ашты. 

Кыргызстанда коронавирус илдети жогорку чекке жетти. Катталгандардын саны күнүгө миңден ашуун болуп, илдеттин курмандыгына 10дон ашык адам кабылууда. 

2021-жылдын 12-июлунан 16-июлуна чейин коронавирус катталгандардын, сакайып чыккандардын жана өлүмдөрдүн статистикасы.

Жаңыкатталган учурлардын саны

Сакайып чыккандардын  саны

COVID-19 илдетинен каза болгондордун саны

Ошондой эле, өлкөдө калкты массалык эмдөө башталды. Жалпысынан республикада 178 миңден ашуун жаран эмдөөдөн өткөн.

Коронавируска каршы жамааттык иммунитетти түзүү үчүн калктын 70% же 2 миллион 180 миң жаранды эмдөө керектигин белгилей кетүү керек.

Эске салсак, 11-июлда Кытайдан Кыргыз Республикасына 1,25 миллион доза Sinopharm вакцинасы келип түшкөн. Бүгүнкү күндө COVID-19га каршы эмдөөлөр өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлүп жатат. Соода борборлорунда жана билим берүү мекемелеринде кошо алганда, 800дөн ашуун убактылуу эмдөө аянтчалары ачылган.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз