Мультимедиа

Оорунун көрсөткүчтөрү төмөндөөдө, бирок эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда image

30 Июль, 2021 2103

Республикалык штабдын маалыматы боюнча өлкөдө коронавирус  катталган учурлардын саны 160 миңден ашты. 

Кыргызстанда коронавирус илдети жогорку чекке жетти. Катталгандардын саны күнүгө миңден ашуун болуп, илдеттин курмандыгына 10дон ашык адам кабылууда.

Акыркы бир жумада коронавирус менен ооругандар азайган, бирок эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда.

Ошол эле учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал башка өлкөлөргө караганда жакшы экендигин белгилейт. Оорунун саны боюнча биздин өлкө дүйнөдө 88 -орунда. 100 миң калкка жугуу көрсөткүчү боюнча Кыргызстан 113 -орунда.

2021-жылдын 12-июлунан 16-июлуна чейин коронавирус катталгандардын, сакайып чыккандардын жана өлүмдөрдүн статистикасы.

Жаңы катталган учурлардын саны

Сакайып чыккандардын  саны

COVID-19 илдетинен каза болгондордун саны

Эскерте кетсек, Кыргызстанда калкты массалык эмдөө иштери жүрүп жатат. Коронавируска каршы жамааттык иммунитетти түзүү үчүн калктын 70% же 2 миллион 180 миң жаранды эмдөө керек.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз