Экономика

Жогорку Нарын жана Камбар-Ата-1 ГЭСтерин курууга инвестор тартылат image

16 Авг, 2016 1502

Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Нарын жана Камбар-Ата-1 ГЭСтерин курууга инвестор издөөнү тапшырды.

 Ири энергетикалык долбоорлорду баштаган Орусия менен келишим өткөн аптада расмий түрдө токтогон эле. 

Улуттук энергетикалык холдинг долбоорго кызыккандар көп экенин билдирүүдө. 

Айрым адистер инвесторлор менен Кыргызстан каалагандай келишимге жетишүү мүмкүнчүлүгү аз экенин айтып жатышат.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз