Мультимедиа

2021-жылдын 9-августунан 13-августуна чейинки өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал - Статистика image

13 Авг, 2021 1257

Республикалы кштабдын маалыматы боюнча өлкөдө коронавирус  катталган учурлардын саны 170 миңден ашты. 

Акыркы бир жумада коронавирус менен ооругандар саны азайууда. Катталгандардын саны күнүгө 500гө чукул болуп, илдеттен күнүнө 10го жакын адам каза болууда.

2021-жылдын 9-августунан 13-августуна чейин коронавирус катталгандардын, сакайып чыккандардын жана өлүмдөрдүн статистикасы.

Жаңы катталган учурлардын саны

Сакайып чыккандардын   саны

COVID-19 илдетинен каза  болгондордун саны

Эскерте кетсек, Кыргызстанда калкты массалык эмдөө иштери жүрүп жатат. Жалпысынан республика боюнча 571 миң 656 адам биринчи дозасы менен, 234 миң 891 адам экинчи дозасы менен эмделген.

Коронавируска каршы жамааттык иммунитетти түзүү үчүн калктын 70% же 2 миллион 180 миң жаранды эмдөө керек.

Ошондой эле, министрлер кабинетинин төрагасы Жылдыз Бакашованын айтымында, күз айларында Sinopharm жана Pfizer вакциналары менен камсыздоо күтүлүүдө. Мындан тышкары, келерки жылдын 1 -чейрегинде Дүйнөлүк банктын донордук колдоосу аркылуу Moderna вакцинасын берүү маселеси каралууда.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз