Дүйнө

“Талибан” бийликти толук колго алды image Фото: www

17 Авг, 2021 8004

Афганистандын борбору Кабул шаарын ушул жекшембиде “Талибан” кыймылы көзөмөлүнө алып, өлкөдө согуш жыйынтыкталганын расмий жарыялады. Муну менен катар Талибандын жетекчилери өлкөнү Афганистан Ислам Эмираттары деп өзгөртөрүүнү жар салды. Ал арада шаардагы аба майданда ок атышуулар болуп жатканы айтылган. Жүздөгөн жарандардын айрымдары учактарга түшүп чыгып кетүүгө үлгүрүшсө айрымдары учакка батпай калып калышты. Бул Индиянын борбору Дели шаары. Калаага афган жарандарынын бир нечеси жеткирилди.

«Талибан» экстремисттик кыйымылы 1996-жылдан 2001-жылдар аралыгында Афганистанды башкарган. Бул кыймыл АКШ аскерлери Афганистандан чыгарылып баштаганда жанданып, 15-августта 20 жылдан кийин кайрадан бийликке келди.

Дүйнө коомчулугу Афганистандагы окуяга байкоо салып, зомбулуктарга карата тынчсыздануусун билдирүүдө. Канада Афганистандагы аялдар уюмунун лидерлерин, укук коргоочуларды жана журналисттерди баш аягы 20 миң афган жаранын өз аймагына киргизүүгө макулдугун берди. Ал эми башка мамлекеттер Афганистандагы дипломаттарын чыгарып кетүүдө.

Ал арада Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон эч бир мамлекет Талибдердин өкмөтүн эки тараптуу да тааныбашы керек деген пикирин билдирди. Ошондой эле Британ премьери Афганистанда мурда талибдер тарабынан түзүлгөн Афган Ислам Эмираты болоорун жана өлкө сунниттик шариаттын негиздери менен башкарылаарын билдирди.




Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз