Мультимедиа

Өлкөдө эпидемиологиялык абал жакшырып, коронавирус жуктургандардын саны азаюуда image

20 Авг, 2021 4435

Республикалык штабдын маалыматы боюнча  өлкөдө коронавирус  катталган учурлардын саны 170 миңден ашты. 

Өлкөдө эпидемиологиялык абал бир топ жакшырып,  коронавирус илдетин жуктургандардын саны азайганы байкалууда. Соңку бир күндө коронавирус 242 адамдан табылды. 

Эгерде өткөн айда бир күндө жугуштуу ооруга кабылгандардын саны миңден ашып жатса бул айда тумоону жуктургандардын орточо көрсөткүчү 200дөн 400адамга чейин болууда ооруга кабылгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталууда.

2021-жылдын 16-августунан 20-августуна чейин коронавирус катталгандардын, сакайып чыккандардын жана өлүмдөрдүн статистикасы.

Жаңы катталган учурлардын саны

Сакайып чыккандардын   саны

COVID-19 илдетинен каза  болгондордун саны

Акыркы беш күндүн ичинде өлкөдө 1 338 жаңы COVID-19 учуру аныкталып, 2 588 адам айыгып, 27 адам каза болду.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда калкты массалык эмдөө иштери жүрүп жатат. Жалпысынан республика боюнча 622 миң 845 адам биринчи дозасы менен, 323 миң 237 адам экинчи дозасы менен эмделген.

Коронавируска каршы жамааттык иммунитетти түзүү үчүн калктын 70% же 2 миллион 180 миң жаранды эмдөө керек.

Ошондой эле, министрлер кабинетинин төрагасы Жылдыз Бакашованын айтымында, күз айларында Sinopharm жана Pfizer вакциналары менен камсыздоо күтүлүүдө.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз