Маданият

Кытай акробаттары кайрымдуулук иш-чарасын тартуулайт image

18 Авг, 2016 2360

Тарых жана маданият” жылынын алкагында Кытай Эл Республикасынын акробаттары Бишкекте «Улуу Жибек Жолундагы күн шооласы» аттуу кайрымдуулук иш-чарасын тартуулайт. 

Кыргыз-Сындзянь кызматташтыгы ассоциациясы тарабынан демилгеленген маданий иш-чарага Кытайдын Шаньси провинциясынан 50гө жакын адамдан турган акробаттардын тобу келди. 

Максаты кыргыз-кытай мамилесин маданият аркылуу жакындатуу. Концерт 18-19-августа Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармонияда өтөт. Ал эми кыргыз акробаттары 2-Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине даярданып жатат. 



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз