Мультимедиа

Өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны азайганы менен, эпидемиологиялык абал турукташа элек image

3 Сент, 2021 709

Республикалык штабдын маалыматы  боюнча, өлкөдө соңку бир айда коронавирус илдетин жуктуруп алгандар азайганы  менен, эпидемиологиялык абал турукташты деп айтууга эрте. Ал эми өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 170 миңден ашты.

Ооруга кабылгандардын эң көбү мурдагыдай эле Бишкек шаарында катталууда. Ошол эле учурда оорудан каза болгондордун да саны азая элек.

2021-жылдын 30 -августунан 3 -сентябрына чейинки коронавирус катталгандардын, сакайып чыккандардын жана өлүмдөрдүн статистикасы.

Жаңы катталган учурлардын саны

Сакайып чыккандардын саны

COVID-19  илдетинен каза болгондордун саны

Акыркы беш күндүн ичинде өлкөдө 756 жаңы COVID-19 учуру аныкталып, 1 144 адам айыгып, 23 адам каза болду.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда калкты массалык эмдөө иштери жүрүп жатат. Жалпысынан республика боюнча 690 миң 997 адам биринчи дозасы менен, 463 миң 430 адам экинчи дозасы менен эмделген.

Коронавируска каршы жамааттык иммунитетти түзүү үчүн калктын 70% же 2 миллион 180 миң жаранды эмдөө керек.

Өлкөдө эпидемиологиялык абал турукташып баратканы менен ага карабай санитардык эрежелерди сактоо маанилүү.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз