Өлкө эгемендүүлүгүнүн 25 жылдык мааракесине карата Бишкекте аскердик парад өтөт.
Учурда Ала-Тоо аянтында өтүүчү башкы парадга кызуу даярдык көрүлүп жатат.
Салтанаттуу иш-чара автомобилдик, аскердик жана авиациялык техникалардын коштоосунда болот.
Андан кийин аянтта жалпы сейилдөөлөр, театрлашкан көрсөтүүлөр жана концерттик программа уюштурулат.
Майрам салт болуп калгандай салют менен жыйынтыкталат.