Экономика

Өлкө аймагында тейлөө, кызмат көрсөтүүнүн баасы жогорулады image

23 Авг, 2016 1750

Улуттук статистикалык комитет быйыл 7 ай ичинде тишти дарылатуу, маркумду акыркы жайга узатуу, же көр казууга кеткен чыгымдар 800 сомго кымбаттагандыгын айтышууда. 

Тактап айтканда, көр казууга кеткен  каражат 7 миң сомго чукулдаган.Стамотологияга кайрылган жарандар, кызмат көрсөткөн мекеменин  жайгашуу шартына карап төлөмөй болушат. 

Шаар ичинде тиш дарылоочу  клиникаларда баа жогору, ал эми шаардын чети, же базарлардын ичине жайгашкан мекемелерде  300 сомдон 2 миң сомго чейин. Улуттук статистика комитети мындан сырткары,чет мамлекеттерди аба жана  темир жол менен кыдыруу, көп кабаттуу үйлөрдүн эшигинин алдын иретке келтирүү жана оңдоп-түзөө кызматтарында да жогорулоо бар дешет. 


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз