Кылмыш

УКМКнын Ала-Бука райондук бөлүмүнө жаңы имарат курулду image

7 Окт, 2021 1202

УКМКнын Ала-Бука райондук бөлүмү үчүн курулган жаңы имараттын ачылышы болду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, ага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, комитеттин жергиликтүү өздүк курамы жана ардагерлери, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Ачылыш аземинде Камчыбек Ташиев - атайын кызмат мындан ары да уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы иш-аракеттерди активдүү улантаарын айтты. 

Ала-Бука району мамлекеттик чек арага жакын аймак экенин эске салган төрага, кызматкерлерден аткезчиликке бөгөт коюу талап кылынаарын баса белгиледи. Коопсуздук комитетинин аймактардагы бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо, кызматкерлерге жетиштүү шарттарды түзүп берүү аракеттери мындан ары да улантылаарын кошумчалады. УКМКнын Ала-Бука райондук бөлүмү 1936-жылы курулган, иштөө үчүн шарттары жок жайда кызмат өтөп келген.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз