Спорт

Жеңил атлетикадан үч мекендешибиз Дүйнөлүк мелдешке катышат image

25 Авг, 2016 1741

Олимпиада оюндарынын жыйынтыгы менен 3 кыргызстандык жөө күлүк Лондондо өтчү Дүйнөлүк чемпионатка катышууга укук алды. Алар Юлия Андреева, Виктория Полюдина жана Дарья Маслова.

Эске салсак, Маслова Рио оюндарында 10 миң метр аралыка чуркоодо 19-орунду багындырган. Ал эми Полюдина жана Андреева 59-62-орунга илинген. Бул жыйынтык Дүйнөлүк мелдешке катышканга жолдомо берди.

Маалым кыла кетсек, жеңил атлеттердин Дүйнөлүк чемпионаты 2 жылда бир болот. 2015-жылы жөө күлүктөрдүн мелдеши Кытайда өтүп, мекендешибиз Юлия Андреева 36-орунга татыган. Бул жолкусунда, эмки жылы Лондондо 5-13-август күндөрү болот.



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз