Коронавирус

Коронавирустан үч бейтап көз жумду image

23 Окт, 2021 1634

Өткөн суткада Кыргызстанда 119 кишиден коронавирус аныкталып, 3 бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады. 

Илдет менен алышып жаткандардын ичинен 73 адам айыккан. Жуктургандар Бишкекте – 59, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 24, Ош облусунда – 3, Талас облусунда - 5, Нарын облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда – 16, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусунда – 2.

"Соңку суткада 3 бейтап каза болуп калды, алардын коронавируска каршы вакцина албаганы аныкталды. Бул учурларды алганда аталган вирустук инфекциядан көз жумгандардын саны 2650гө чыкты", — деп белгиледи штаб. 

Пандемия башталгандан тарта илдет илештиргендердин жалпы саны 180 миң 467ге жетти. Анын ичинен 174 миң 934 адам дартты жеңген. Азыркы тапта стационарда 663, ал эми амбулатордук шартта 640 адам дарыланып жатканы айтылды.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз