Кырсык

Жыл башынан бери экинчи жолу өрттөн кыргызстандыктар каза болду image

30 Авг, 2016 1404

27-август күнү Москвадагы Алтуфьево шоссесиндеги басмаканада катталган кырсыктан кийин, учурда ким күнөөлүү деген суроо бир эле кыргыз коомчулугунун  эмес, башка мамлекеттердин жарандары тарабынан да кызуу талкууга алына баштады. Мигранттардын өз укугун билбегендиги кайгылуу окуялар менен коштолууда,  буга мамлекеттик тиешелүу органдар тарабынан жеткиликтүү жумуштар жүрбөй жатат деп сын айткандар  арбын болууда. 

Кошумчалай кетсек, жыл башынан бери ушуну менен экинчи жолу өрт кырсыгынан кыргызстандыктар каза болгон учур катталды. 30-январдан 31-январга караган түнкү  Москва шаарынын түштүк жагындагы Стромынка көчөсүндө жайгашкан тигүү цехинде өрт чыгып, андан  8 кыргызстандык  каза тапкан. 27-августтагы Москвадагы басмаканадан чыккан өрттөн 17 кыз-келин набыт кетти.  

Гүлжан Каражанова


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз