Экономика

Жеңил өнөр жай товарларынын жарменкеси бүгүн жабылат image

30 Авг, 2016 1009

Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында жеңил өнөр жай товарларынын жарменкеси бүгүн жабылат. Жарменке бир жумага созулуп, шаардын тургундары базар баасынан арзан сапаттуу тигилген товарларды сатып алышты. Жарменкеге коюлган товарлардын басымдуу бөлүгүн мектеп окуучулары үчүн тигилген кийим, окуу куралдар түзөт. Ошондуктан кардарлардын мектеп формасына болгон кызыккандары арбын болгонун баамдоого болот.

Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында жеңил өнөр жай ишкерлеринин салтка айланган жарменкене коюлган товарлардын  баалары базардагыдан кыйла арзандыгы менен айрыманалат. Ошондой эле  кардарларга сунушталган товарлардын сапаты жогору экенин адистер эске салышат.

Кадыр Калилов


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз