Коргонуу жана коопсуздук

Кытай элчилигин ким жардырды? image

30 Авг, 2016 867

Кытай элчилигиндеги жардырууну жанкечти ишке ашырды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков кабарлады. Өзүн-өзү жардырган адам набыт болуп, элчиликтин 3 кызматкери да жаракат алган. Окуя болгон жерде тиешелүү адистер иштеп жатышат.

Маалым болгондой терракты ишке ашырган адам автоунаа менен элчиликтин дарбазасын сүзүп, 40-50 метрдей ичкери кирип барган. Жардыруу кубаттуу болгондуктан анын күчү алыс аралыкка чейин сезилген.

Окуя болгон жерде күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. Жардырууну ишке ашырган адамдын ким экени азырынча белгисиз. Вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков ал өзүн атайын террордук актыга даярдаган жанкечти экенин, окуя болгон жерде өлгөнүн кабарлады.

Жардыруудан жабыркагандардын экөө учурда ооркунада. 

Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Жылдыз Айгерчинова алардын абалы “оор эмес” экенин билдирди.

УКМК, Ички иштер министрлиги иликтөөнүн жыйынтыгы чыккандан кийин толук маалымат берилээрин билдиришти. Жардыруу болгон учурда элчи кайда жүргөнү да белгисиз? 

Күч түзүмдөрүнүн жетекчиликтери соңку окуядан улам өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлөөрүн билдиришти.

Калыгул Асамбаев      


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз