Шайлоо 2021

Саат 14:00гө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн 602 миң 432 жаран добуш берди image

28 Нояб, 2021 691

Саат 14:00гө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн 602 миң 432 жаран добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаров билдирди. 

Анын айтымында, бирдиктүү шайлоо округу боюнча добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 16,27 пайызы катышты. Ал эми бир мандаттуу округдар боюнча шайлоого 593 миң 315 шайлоочу же жалпы шайлоочулардын 16,39% катышты.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз