Коргонуу жана коопсуздук

"Тынчтык миссиясы-2016" аталышындагы аскердик машыгуулар башталды image

16 Сент, 2016 4002

Кечээ, 15-сентябрда Балыкчы шаарындагы “Эдельвейс” аскер полигонунда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин аскер күчтөрүнүн "Тынчтык миссиясы-2016" аталышындагы аскердик машыгуулары башталды. Террорчулукка жана экстремизге каршы уюштурулган машыгууга Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Орусия жана Тажикстандын аскер күчтөрү катышууда.

Жалпы 2000 аскер жана 300гө жакын аскер техникасы тартылган машыгуулар 21-сентябрга чейин уланат. “Тынчтык миссиясы-2016” террорчулукка каршы  күрөшүү максатында уюштурулган машыгууга даярдыктар февраль айында башталган.  Анда Балыкчыдагы аскер бөлүктөр  жана Кой-Таш аскердик бөлүктөрү өз даярдыктарын көргөзгөн.  Ал эми 15-сентябрда башталган машыгуунун алкагында маданий жана спорттук  мелдештер да уюштурулат. 

Сүймөнкул Идирисов


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз