Mass media

"Фабула": Текебаев тилинин азабын тартабы? image

16 Сент, 2016 1840

Басма сөзгө баяндама

“Кыргыз Туусу”

Эртең 17-сентябрда мамлекет башчыбыз Алмазбек Атамбаев кутман курак 60 жашка чыгып отурат. Өлкөнү өткөн бийликтердин убагындагы “ботколордон” тазалоо милдети мына ушул инсанга туш келди. Айтканга оңой болгону менен кыргызчылыктан көтөрүлө албаган коомду коррупция кошо чырмап, мамлекетибиз андан арыла албачудай болуп калган мезгилде мамлекет башында туруу оңой болгон жок деп өлкө башчынын кутман курак жашы менен “Кыргыз Туусу”басма үйүнүн жалпы жамааты өз окурмандарынын атынан да жолдонгон куттуктоосу менен баштап бүгүн жаңы санын тартуулады. Экономикалык кыйынчылыктардан арылып, мамлекетибиз туруктуу өнүгүү жолуна түштү. Жолдор, ишканалар, турак-жайлар, социалдык обьектилер салынууда. Адамдардын жашоо деңгээли жогорулоодо. Эл арасында ынтымак-ырашкерлик орун алып, өлкөбүздө бейпилдик өкүм сүрүүдө. Булар жалпы эл аралык коомчулук тарабынан таанылган фактылар болуп калды деп белгиленет гезиттин куттуктоосунда.

Андан ары президенттин иш күндөлүгүндөгү кабар өлкө башчысынын Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министри Абдулазиз Камаловду кабыл алган маалымат “Эки тарап тең кызматташууга кызыкдар деген аталышта орун алган. Өкмөттөгү жаңылыктар: өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков “Центерра Голд” компаниясынын Башкы аткаруучу директору Скотт Перри менен жолугушуп Кумтөрдүн  ишин талкууга алышкан маалыматты үйгө насыянын үстөгү 12-14 пайыздан 10 пайызга төмөндөтүү боюнча иштер колго алынганы кабарланат.

"Кыргыз Туусу" пресс бурчу ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү 2010-жылдын июнь окуялары боюнча шектелип издөөдө жүргөн жаранды кармаганын, Таллинден Германияга сапар тарткан учак чымчык менен кагылышып кетип аэропортко кайрылууга туура келгенин, коопсуздук үчүн кошумча текшерүүдөн өтүү зарылдыгы келип чыкканын, Бишкектеги Кытай элчилигинде болгон жардыруудан кийин Кытай элчилиги Кыргызстандын жарандарына Кытайга кирүү үчүн виза токтотушканын, анын натыйжасы менен Кытайда окуган 300дөй студент Кытайга кире албай жатканын, Туркменстандын Конституциясы жаңыланганын, Бишкек-Нарын-Торугарт жолу декабрда бүтөөрүн жазып чыкты. Ошондой эле экономика министри Арызбек Кожошевдин ишмердүүлүгүн бүгүнкү санда айрым жарандардын пикири менен баалап көрдү.Айрымдары канаатандырарлык деген бааларын берип, кесипкөй экенине ишеним артып турушса, кээ бирлери финансист менен экономисттин кесиби такыр башка деп, башка кесипкөй адис келсе жакшы болмок деген да тилегин билдиришкен. Констиуциялык реформага да айрым атуулдарыбыз үн кошкон.  Мисалы профессор Асан Ормушев өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл, эгерде эл аралык мамилелер азыркы долбоордо жазылып жаткандай алып кетилсе, эл аралык мамиле күчөйт деген ойдомун деп, лингивсттердин Конституциянын туура жазылышы, көптөгөн жерлери оңдолуп, тура берилиши керек деген пикирине кошулам десе, аткаруу бийлиги, парламент күчөтүлөт, туруктуулукка толук жол ачылат деген пикири менен коомдук ишмер Осунбек Жамансариев бөлүшкөн. Башка пикирлер да бар, окуп алсаңыз. 

"Де-факто" 

Баяныбызды "Де-факто" менен улайлы.  "Коалицияны кокологон конституция талашы" деген теманын алдында жарык көрдү. Бул санга биздин башыбызды президент бириктирди деген аталышта мурдагы депутат Равшан Жээнбеков маек курган. Парламенттен алгы сөз: коалицияга жик түшкөнүн дал ушинтип аталган макалада "Де-факто" танбайт. Гезиттин белгилөөсүндө  көпчүлүк коалициядагы Ата Мекен фракциясы баш мыйзамды өзгөртүү сунушуна каршылыгынан кайтпашы алдыда кырдаалды дагы курчутуп, кызыл чеке талаш-тартыштарга алып келчүдөй. Бул талаш эми президент Атамбаев менен "Ата Мекен" париясынын лидери Текебаевдин тирешине айланды окшойт. Кечээ да Текебаев Атамбаевди айыптаган билдирүүлөрдү жасап чыгышы буга далил. Бул тиреш кандай аяктаарын азыр кыйынмын деген серепчилер боолгой албай жатышат деп жазат "Де-Факто" гезити.

 

Апта аңызындагы майда кептерди да тизди. Бул Ким тараптасыз Бакыт мырза?, атайын оорукананы Сагынбаев сазга тыгабы, Мээрбек мээсинен кеткен эмеспи, Дат баскан темир колдонулбайт деп Куловго багышталган маалыматты, Асандын тайраңдаганын ким тыят же Ош кыргыз драмтеатрынын директору Асан Мансуров туурасындагы чакан маалыматтар да алдыңкы бетте. Өзгөрбөгөн Өзбекстан же чейрек кылым катуу чеңгелде былк эттирбей башкарып келген Ислам Каримовдун бул дүйнөдөн кетиши деле өлкө саясатында өтө олуттуу өзгөрүү болбостугун айгинеледи деп  башталган узун кепти "Кимдин кимдин заманы...Шавкат Мирзиеевдин заманы" деген аталышта орун алган макаладан тааныша аласыз. Талаш- тартыш маселелерден улам татаалдашып кеткен кыргыз-өзбек алакасы жакын арада жумшарып кетиши арсар, өзгөчө чек ара, жер суу маселесинде. Анын үстүнө өзбек бийлигиндеги  эки тизгин бир чылбырды колго алган Шавкат Мирзиеевдун  өлкө тышкы саясат, коопсуздук багытындагы мурдагы карманган саясатынан кайтпастыгы тууралуу билдирүүсү да көп нерсени каңкуулап тургандай деп белгиленет, бул көлөмдүү макалада.

"Фабула"

Бүгүнкү "Фабула" ууруну карма деп, ууру жүрөт деген рубрикада Текебаев тилинин азабын тартабы деген баш макала менен баштады.  Конституциялык кеңешмеге кошулбай калган ич күптү таарынычын Өмүрбек Текебаев мамлекеттик көйгөйгө айлантып кокуйлап бүтпөй жатат деп башталган бул баш макалада "Ата Мекендин" атасы, президент Алмазбек Атамбаевди  Максим Бакиевдин жерине үй куруп жатат деп айыптап чыкканын, жыландын башын кылтыйткан бул фокусу суу кечпей калганын, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмуркулов Өмүрбек Текебаевди президентти далилсиз каралады деп парламенттик жыйында билдирүү жасаганын  муну өч алуу десек болот дегени, президент эч качан баалуу белектерди алган эместигин, 27 гектар эмес, 2 жарым гектар жерден ашыгыраак жерге үй салынып жатканын ал жерди Албек Ибраимовдон сатып алганы аны далилдөөчү документтери бар экенин, мен анын чындык тарапта экениндигине 100 пайыз ишенем дегенин жана президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязовдун үй боюнча айткандары куру доомат, жалган жалаа ал үчүн сот алдында жооп берет деп  эскерткенин жазды жана кыргызда буттан жаңылган турат,тилден жаңылган турбайт, ойлонбой сүйлөгөн каралоосу үчүн  жооп берүүгө тийиш деп белгиленет  Фабуланын макаласында

Таалайгүл Сыдыкбекова


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз