Саясат

Батыровду чет өлкөгө качырууга көмөктөшкөндөр жазаланат image

17 Сент, 2016 1996

Президент Алмазбек  Атамбаев Башкы прокуратурага  2010-жылкы  июнь окуясынын башталышына күнөөкөрү  Кадыржан Батыровду чет өлкөгө качырууга көмөктөш ишке ашырууга "Убактылуу өкмөттүн" кызмат адамдарынын катыштыгын иликтөө боюнча ведомстволор аралык топ түзүүнү тапшырды.

 Өлкө башчы мындай жыйынтыкка  быйыл, 14-сентябрда   козголгон жазык иши  тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан  келип түшкөн маалыматтарды уккандан кийин келгендигин  президенттин басма сөз кызматынан  билдиришти. 

Билдирүүгө караганда, УКМК  Батыровдун өлкө чегинен тоскоолсуз чыгып кетишин уюштурууда "Убактылуу өкмөттүн" мурдагы кызмат адамдарынын катыштыгы бар тууралу  жаңы маалыматтарды иликтеп чыгышкан. 

Президент Алмазбек Атамбаев  Башкы прокурор Индира Жолдубаевага бул маалыматтардын тыкыр иликтенишин  камсыз кылуу керектигин  тапшырды. 

Талдоочулар Кадыржан  Батыров 2010-жылкы  июнь коогалаңынын   башкы күнөөкөрү  экендигин баса белгилешип,  эртеби- кечпи кандуу окуялар өз баасын алышы керек деп эсептешет.  

Гүлжан Каражанова


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз