Экономика

Россиядагы өрттө каза болгондордун балдарына депозиттик эсеп ачылды image

26 Сент, 2016 1726

Москвадагы өрттө каза болгондордун балдарына депозиттик эсеп ачылды. 

Алар аны 18 жашка чыкканда пайдалана алышат. 

Бул тууралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков билдирди. 

Премьердин айтымында, депозиттеги эсеп жыл сайын 14 пайыз туум менен ачылып, 11 бала ортосунда тең бөлүштүрүлөт. Акчаны алар өздөрү гана ала алат жана билим алуу, турак-жайга гана сарпташы керек болот. 

Эске салсак, 27-августта “Печатный экспресс” басмаканасындагы өрттөн 14 кыргызстандык кыз-келин каза тапкан. 


Мээрим Абдраманова


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз