Коом

Кыргызстандын 70% жараны интернет колдонот image

28 Сент, 2016 472

Кыргызстан географиялык жактан татаал жана тоолуу аймакта орун алганына карабастан, мобилдик жана фиксациялык байланыш менен керңири камтылган. 

Бүгүнкү күндө интернетти калктын 70 пайызы колдонот. 

Муну менен бирге өлкөбүз маалыматтык-коммуникациялык технологияны өнүктүрүү жаатында  секирип жасап, 112- саптан 97- сапка көтөрүлгөндүгүн эл аралык  байланыш бирлигинин изилдөөсү аныктап чыккан. 

Соңку жылдары өлкөдө интернет-пайдалануучулардын саны жыл санап өсүп жатат. Өткөн жылы байланыш тармагында айланган акчанын жалпы суммасы 28 миллиардды түзгөн. Анын 6 миллиарды интернет тармагынын үлүшү эле.   Кыргызстандын 70 пайыз калкы интернет колдонуучулар болуп саналат. Бүгүнкү күндө да интернет тармагын өнүктүрүү өкмөттүн негизги багыттарынын бири. Интернет менен Кыргызстандын баардык айыл-кыштактары камсыз болгондо гана электрондук өкмөт долбоору  ийгиликтуу  ишке  ашып, коррупция  менен  жемиштүү  күрөшүүгө   өбөлгө болот деп белгилешет адистер.

Назира Молдокулова


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз