ММК

"Фабула" : Югославиянын кейпине түшкөндөн сактасын image

4 Окт, 2016 893

Басма сөзгө баяндама

"Эркин-Тоо"

Мамлекеттик расмий гезиттерден баштайлы. Жүрөгүм капыстан ооруп калып, күтүүсүз башыма түшкөн  кыйын кырдаалда мага колдоо көрсөткөнүңүздөр үчүн баарыңыздарга чын дилимден ыраазычылык билдирем деп  мекендештерине жасаган Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусу менен бүгүнкү "Эркин-Тоо" жаңы санын басты. Андан ары президенттин иш жумалыгынан башталган тактап айтканда Коргоо Кеңешинин катчысы Темир Жумкадаровду кабыл алган “Коопсуздук маселеси мамлекет башчысынын көңүлүндө”делген жана президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязовду кабыл алган Стратегиялык максаттарды жүзөгө ашыруу зарыл деген аталыштагы макалалар орун алган. Ушул эле жердеги куш кабарды президенттин чечимине ылайык  жашы жүздөн ашкан кыргызстандык 280 карыларыбызга 10 миң сомдон жардам көрсөтүлгөнүн окуй кетели. Тогуз Торо району 80 жашка чыгып жатканы же бул тарапта жүргөн ЖКтин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун  иш сапарынан кеңири маалыматтар бар. Гезиттин бүгүнкү саны Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдүн салыштырмалуу таблицасы менен тааныштырат.Буга кошуп “Референдумду өткөрүү боюнча мыйзам долбооруна жана Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбооруна карата жазылган негиздеме маалыматын расмий тилде окуй аласыз.

"Кыргыз Туусу"

Улуттук тун гезит "Кыргыз Туусуна" өтөлү. Аталган басылма да Сиздер мага күч кубат бердиңиздер деген аталыштагы өлкө башчысынын кайырлуусун алгачы бетке баскан. Бул сандан кыргыз-өзбек алакасынын жаңы барагы ачылды дегенди, “Референдумдун өткөрүлүшүнө каршы туруп жаткандар жаңы долбоорду жакшы окубагандар же окуса да андагы эң орчундуу жагдайларды түшүнгүсү келбегендер деп ойлойм деген шайлоочулардын коомдук кеңеши уюмунун координатору Сабина Сопубек кызынын жана ушул жерде айтылган Конституциялык өзгөртүүлөргө карата референдумдун тагдырын  добуш берүүгө келген  эл чечет. Анткени эл бийликтин булагы экени Баш мыйзамыбызда жазылып турат деп  Коалиция туруктуулукту камсыздашы керек деген аталыштагы дал ушул Баш мыйзамдан сөз кылган ЖКтин депутаты Айнура Алтыбаеванын маегин окуй алсыздар.

 

"Кыргыз Туусу" пресс бурчу эрте жааган кар караколдуктарды сүйүнтсө, калгандарды күйүнткөнүн, Гулендин иниси камакка алынганын, эки эле күндө эки жүз селсаяк же ишки иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн эки күндүк рейд учурунда селсаяктык менен алектенишкен эки жүздөн ашуун өспүрүмдөр  аныкталганы туурасында маалыматты, студенттердин акысын жегендер эми кантет же Кыргыз Улутук Университетиндеги акча кымтып алмай туурасындагы, электрондук паспорттуу болоорубуз жөнүндө жазылган майда кабарларды тизди. Пенсиялык саясаттан маалымдаган кабар бар. Бул сандан Айкөл аалым, кең пейил таалимчи деген аталышта академик Аманбек Жайнаковдун 75 жашка чыгып жатканын кабарлаган профессор Эсенбек Мамбетакуновдун макаласы да жарык көрдү.Көз жүгүртүп өтүңүз.

"Фабула" 

Кадыржанга кол куушуруп кызмат кылабыз деген атты коюп эки жагына Төлөйкан менен Азиза айымдардын элечек кийген сүрөтүн коюп жаңы санын тартуулайт.  Бул теманы гезиттин экинчи бетинен өзөктөн күйгөн өрт жаман деп Эл душманы эмей ким? деген аталыштагы макаладан таанышсаңыз болот. Кыргызстандын укук коргоочулары болуп жүргөн Төлөйкан жана Азиза айымдардын ишемрдүүлүгүндөгү айрым жагдайларды белгилеген бул макала эл аралык уюмдар же кыргыз бийлигине кайрылуу жасап жиберген Хьюман Райтс Вотч уюму башынан эле Кыргызстанга көзү анча түз эмес экенин, алар ошол эле Ош окуясы, кылмышкер Азимжан Аскаровдун соту жана башка олуттуу маселелерде Кыргызстандын бийлигин бир ооздон айыптап келгенин эсиңизге салат.Эми болсо булар Конституциянын анын ичинде 41-беренинин өзгөрүшүнө караманча каршы чыгып, эл аралык уюмдардын Кыргызстандын көз карандысыз сотунун үстүнөн үстөмөндөп турушуна кызыкдар.

 

Ошондуктан бардык фронттон сокку уруп, Азиза Абдрасулова, Төлөйкан Исмаиловаларды камчы кылып каршы шилтеп турган кербези, анткени булардын көздөгөнү бүгүн бир адамдын укугу тууралуу болуп жаткан менен эртең Кыргызстандагы бүтүндөй бир азчылык  улуттун укугун коргоп чыга калып, “өзбектердин укуктары тебеленип жатыптыр, автономия бергиле деп ЕККУ, БУУга чалып, чуу чыгарып турса, мамлекет ыдырап, Югославиянын кейпин кийип, калышыбыз керекпи деген ойду таштайт.  Албетте жок.- деп белгиленет. Мына ушул жагдайлардан алганда азыр коомчулук арасында  жүрүп жаткан укук коргоочуларга тыюу салыш керек, эки бейөкмөтчү аялдын кыргыз жарандыгын алыш керек, кыргызстанга киргизбеш керек деген сунуштар чыдоонун акыркы чегиндей жаңырып турат. Эгер чындап эле биздин бей өкмөт уюмдар ар дайым байрак кылып жүрүүчү “жарандык коом” өзү чектен чыккан бейөкмөтчү айымдарды жерип, алардын жасап жаткан иштерин жектей турган болсо, чындап эле мыйзамдык да моралдык да чара колдонууга неге болбосун! Коомчулуктун, улуттун кызыкчылыгы кара башыл адамдын кызыкчылыгынан бийик турат эмеспи  деп аяктаган баш макалага көз жүгүртүп алыңыз. Темага үндөш макалалар бар. Конституциядагы бомбалар, айрыкча эл душмандарын сүйлөткөн 41-берененин пункуттары боюнча 33-берене, 20, 22, 23 беренелер боюнча кеңири түшүндүрмө аласыз.

 Баш мыйзамдагы ушул жана башка беренелерди  профессор Курманбек Токтоналиев талдап окурмандар менен бөлүшкөн. Таанышып коюңуз. Ушул эле бетте азыркы Баш мыйзамдын 41-беренесинин 2-бөлүгү Кыргызстандын жоголушу үчүн атайылып жазылган беле деген Тилек Рыскуловдон да макала бар.  Майда маалыматтар же "Фабуланын" пресс бурчу: Адамкуловага чара көргөн жан табылабы дегенди, какшыган казынаны каңтаргандар же бажы кызматы 60 кол саат сатып алуу үчүн тендер жарыялаганы туурасында,  ичип айдасаң, ит минесиң дегенди, УКМК бийликтегилерди , оппозициядагыларды  эле текшере бербей кылгылыкты кылып коюп бекинип жаткан Замир Бекбоев өңдүүлөрдү да мыйзам чегинде жоопко тартпайбы дегенди жазды. Аты бар, заты жок деп "Фабула" Кулматов кимди күтөт же баарын Путин жасаш керекпи деген аталыштагы Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондун жетектеп жаткан Кубанычбек Кулматовго карата багышталган ЕАЭБдин шартына ылайык турукташтыруу саясаты жүргөн жок, муну жасоого берилген каражаттын азырынча бир да пайдасын эл көрүп мамлекет сезе элек. Анда эмне үчүн очойгон айлык маяналарды чегерүү менен Кубанычбек Кулматов баштаган команданы кармап турабыз деген макалага орун берди.  Бул санга экс-премьер-министр Темир Сариев президенттик шайлоого даярдык көрүп жатам деген темада маек курган.

Таалайгүл Сыдыкбекова


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз