Маданият

"Үркүн" тасмасынын бет ачары 12-октябрда болот image Фото: KTRK/videograp

11 Окт, 2016 2181

12-октябрда  борбор калаадагы “Манас” кино театрында,   “Үркүн” көркөм тасмасынын бет ачары  болот. Анда 1916-жылдагы улуттук-боштондук  көтөрүлүштө  кыргынга учураган кыргыз  эли,   Кытайга жер которуу учурундагы тарыхый окуялар  чагылдырылган. 

 “Үркүн” көркөм фильми көрүүчүлөргө тартууланбай жатып, түркүн маалыматтар  тарады: биринде, фильм жабык эшик артында талкууга алынды десе, тасмага  жасалма билеттер чыгып кеткени тууралуу да кеп тараган. 

Фильм 13-октябрдан  тартып, бардык кино театрларда көрсөтүлөрүн чыгармачыл топ билдирди.  

Биз 1916-жылдагы тарыхый окуяны тасмага түшүрөрдөн мурда, көп издендик-деди, “Үркүн” көркөм фильмин койгон режисёр  Медин Учкеев. 

Анын айтымында бул тарыхый окуяга байланыштуу эл ичинде  өтө көп ойлор жана айтым кептер айтылып келет. Тарыхчылар жазууда. Биз жалпылаштырып келип, бир айылдын элинин турмушу аркылуу тарыхты көрсөтүүгө аракет жасалган.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз