Илим жана билим

Кыргызстанда интернет эркиндиги бар image

28 Янв, 2016 1237

Кыргызстан эркин интернет пайдалануу  рейтинги боюнча  чөлкөмдөгү  өлкөлөрдөн  озуп,  сап башына чыкты. Бул тууралуу  Фредом Хаус  жарандык жана  саясий  эркиндиктерди  изилдөө  боюнча  эл аралык,  коммерциялык эмес  уюмдун  докладында  айтылган.  Изилдөө    65 өлкөдө  жүргүзүлүп,  алдыңкы  орунга  Исландия  6  баллдык  көрсөткүч менен  чыккан. Эң артында Кытай  88 балл  алса,  изилдөөлөр  Кыргызстанда   35 балл  түзөрүн   аныкташкан. Докладда  Кыргызстан  айрым  көрсөткүчтөр   боюнча  эркин эмес, бирок  региондогу, алтурсун  өнүккөн  бир катар мамлекеттерден  алдыда  турат,-  деп билдирилет.  Транспорт жана коммуникация  министрлигинин  адистери  калкты  эркин  интернет  менен  камсыз кылуу  жагы  өлкө  аймагында  өткөн жылдан бери  колго алынып,  интернетти  региондорго  жайылтуу  аракети  активдүү  жүрүп жаткандыгын  кабарлашты.

Улуттук статисткалык  комитеттен билдиришкендей, 2014-жылда   республика  боюнча  интернет пайдалануучулардын  саны 4 миллиондон ашкан. 2015-жылга маалыматтар  чыга элек, март айынан  даяр болот  дешет. Кыргызстан калкынын  саны 6 миллионго жыл соңунда  жеткен  болсо, демек  бүгүнкү  күндө  калктын  70 пайызга чукулу  интернет пайдаланышат. Фредом Хаус  изилдөөлөрүн  абоненттердин  маалымат  алуу мүмкүнчүлүгүн,   интернет  сайттардын жабылышы  өңдүү бир катар  пункттар  менен  иликтеп  чыгып, билдирип жатышкандыгын  “Интернет  саясатынын   жарандык   демилгеси”  коомдук  уюмунун  директору  Таттуу  Мамбеталиева  айтат.

Кыргызстан  эркин интернет  пайдалануу боюнча  региондогу  мамлекеттер эле эмес, өнүккөн бир катар мамлекеттерден алдыга чыкты. Интернет  кеңири  пайдаланылбайт  деген мамлекеттерге Казакстан 61 балл, Орусия 62 балл, Өзбекстан 78, ал эми Тажикстан  менен  Түркмөнстан  тизмеге такыр кирбей калышкан. Ошол эле маалда  республика  58 баллдык  көрсөткүчтө   турган  Турцияны, 43 баал  алган  Малайзия артка таштап, Түштүк  Корея менен тең тайлашкан. Кыргызстанда  интернет  колдонуучулардын  42% интернетке 2 сааттан ашык убакытысын бөлүшөт. Жумасына 2 саат жумшаган колдонуучулар 50%ды түзөт. Эң аз кирген адамдардын саны 8%, же  алар интернетке почтасын текшергени эле киришет экен.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз