Илим жана билим

Нарын шаарында Борбордук Азия университетинин расмий ачылышы болду image

19 Окт, 2016 6498

Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинин расмий ачылышы болду. Дүйнөлүк стандартка төп келген бул окуу жайдын курулушу дээрлик 20 жылга созулуп, ага Ага хан фондунан 85 миллион доллар пайдаланылган. Өз ишин ушул жаңы окуу жылында баштаган университетте азыр Борбор Азиядан, Пакистандан жана Афганистандан 75 студент билим алууда. Арасындагы жети теңир тоолук жаштардын контракттык төлөмдөрү кыйла жеңилдетилген. Негизи мындагы бардык студенттердин сапаттуу окуулары үчүн бардык шарттар түзүлгөндүктөн, алар эч нерседен кем эмес.

Аталган жогорку окуу жайы өлкөдөгү ири долбоорлордун бири жана четтен тартылган инвестициялык көлөмү боюнча алдынкылар катарында. Андыктан, бүгүнкү салтанатта сөз сүйлөгөн премьер министр Сооронбай Жээнбековдун эң оболу кыргыз экономикасын өнүктүрүүгө өбөлгө дал ушул маанилүү жагдайга басым жасашынын жөнү бар. Ошондой эле ал мамлекет башчысынын куттуктоосун да окуп, студенттерге окуудагы, окутуучуларга иштеринеги ийгиликтерди каалады. Ал эми өз кезегинде принц Карим Ага Хан төртүнчү Кыргызстанда жагымдуу инвестициялык климаттын орун алгандыгын эки жана көп тараптуу кызматташууларды кеңейтүүнүн мыкты фактору катары баалады.

"Бүгүн жеке эле мен үчүн эмес, бүтүндөй Борбордук Азия үчүн кубанычтуу күн. Анткени, бул региондогу билимге умтулган жаштар ар тараптуу билим алууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү алышты. Эгер тарыхка кайрылсак, мындан миң жыл мурун дал ушул Борбордук Азия аркылуу Улуу Жибек жолу өтүп, бул аймактан астрономдор, математиктер, медиктер чыгып, алар адамзатка улуу эмгектерин калтырган. Андыктан алардын жолу дагы эле уланып, биздин окуу жайдан мыкты адистердин өсүп чыгаарына терең ишенем" - деп белгиледи Принц Карим Ага Хан IV




Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз