Society

«Дыйкан» базарынын соодагерлери нааразычылык акциясын өткөрүштү image

21 Окт, 2016 1584

Дыйкан-Бишкек базарынын соодагерлери митингке чыгышты. Алар учурда иштеп жаткан соода орундарын таштабай тургандыгын айтышууда. Себеби сунушталып жаткан жаңы базарда алар өз кардарларын таба алышпайт. Ал эми мамлекеттик мекемелер базар экологиялык жана техникалык талаптарга жооп бербей тургандыгын белгилешет. 

Аймактардан келген айыл-чарба продукцияларын саткан "Дыйкан" базарынын сатуучулары Ак үйдүн алдына митинге чыгышты. Соода менен тиричилик көргөн жарандар иштеп жаткан жумуш ордунан кетпей тургандыгы билдиришүүдө. Анткени алар туруктуу кардарларын тапкан жерден кеткиси келбейт.

Дыйкан базары 2008-жылы 2,5 гектардан ашык аймакка ачылган.  Жер Кыргыз Темир жолу мамлекеттик ишканасы тиешелүү болгон. Шаардык бийлик менен аталган ишкана келишим түзүп ишке киргизишкен. Бирок учурда соода жайы экологиялык жана техникалык талаптарга жооп бербейт.

Андан сырткары санитардык талаптар аткарылбай, соода кылууга  шарттар түзүлгөн эмес. Ал ортодо базар жетекчилиги экотехинспекция берген эскертүүлөр жоюлгандагын айтып, Бир дүң базарды шаардын эки жагына бөлүп салуу туура эмес дейт. 

Сатуучулар муниципалдык базарда гана иштээрин кошумчалашат.  Алардын пикиринде жеке базарда туруктуулук болбой, ижара акы сыяктуу түрдүү маселер пайда болот. Бирок Ленин районунун акими Нурдин Тынаев сатуучулар көчөдө карбай тургандыгына кошумчалайт. Кошумчалай кетсек Дыйкан базар ачылгандан 2008-жылы ачылган Дыйкан-Бишкек базарында 700дөй адам соода кылып келет. 

 Мирбек Сакенов


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз