Мектептерде укуктук тарбия боюнча атайын адистер сабак беришет image Фото: WWW

24 Окт, 2016 26490

 Мектеп окучулары укуктук тарбия  боюнча  билимди атайын адистерден алышат. Бугачейин  жүргүзүлгөн сурамжылоонун  жыйынтыгында жарандардын укук боюнча сабатсыздыгы төмөн экени аныкталган.  Ушундан улам өз укугун  билүүгө багытталган  бул сабак милдеттүү түрдө класстан сырткары сааттарга киргизилет. Бирок сабакты мурдагыдай мугалимдер эмес, атайын адистер келип окутушат. Ал эми мугалимдердин айтымында бул жаңылыкделе эмес. Анткени буга чейин эле укук тууралуу класстык сааттар өткөрүлүп келет. 

Атайын жүргүзүлгөн анализдин  жыйынтыгында  жарандардын басымдуу бөлүгүндө өз укуктарын билбегени аныкталган. Ушундан улам  Билим берүү жана илим министрлиги, Адилет министрлиги менен биргеликте  укуктук тарбия берүүнү мектеп окуучуларынан баштоону эп көрүштү.  Окуучуларга курс катары кошулуп жаткан сабак дароо эле планга киргизилбейт. Анткени укук жөнүндөгү курстарды  жеткиликтүү өтүш үчүн, атайын китептер камдалышы керек дейт Билим берүү жана илим министрилигинин адистери.  


Коомдукишмер Жанкороз Каниметовдун айтымында учурда Кыргызстандын жаштарынын көбү юрист кесибин тандашат. Бирок иш жүзүнө келгенде  алар өз укугун коргой алышпайт. Ал эми совет мезгилинде мыйзамдар аз болгону алар сакталган.  Анткени ар бир жаран өз укугун билип  жоопкерчилик менен мамлие кылчу. Андыктан балага калыптанып жатканда  өз укугу тууралуу  билип алганы   тура чечим дейт ал.

  Ал эми №69мектептин директорунун орун басары Жыпара Азимбекованын айтымында буга чейин эле мектеп окуучуларына укук жөнүндө билим берүү класстык сааттын планына киргизилген.  Бул класстык сааттарды жумасына бир жолу мугалимдер өтүп турат. Кээ бир учурларда атайын адистер менен биргеликте ачык сабак өтөбүз дейт ал. Андыктан балдарга укук тууралуумаалыматтар берилип турат дейт.

Эксперттердин  айтымында мектеп окуучуларына киргизилип жатканбул укуктук тарбия боюнча курсу өз жемишин берет. Укук таанууда окуучулар «эгер кылмыш кылсаң ушу берененин негизинде жоопко тартыласың»дегендей конкреттүү мисалдардын негизинде окуп үйрөнүшү шарт. Канчалык окуучуларга укук таанууну терең окутулса, келечекте чыныгы укуктук мамлекетти түзө алабыз дейт эксперт Жанкороз Каниметов.

Европанын көбүнчө өлкөлөрүндө мектептерде укук таануу сабагы күчөтүлгөн түрдө кирет экен. Ал жакта өз укугунду коргошучун сөзсүз эле юрист болуунун кажети жок. Анткени, окуу жайларга чейин элеукукту жакшы окуткандыктан жетиштүү түшүнүк алып чыгышат. Эми Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде дагы укуктук тарбия берүү боюнча атайын курстар класстык сааттарга милдетүү түрдө киргизилет. Окуучуларга укук боюнча билимди мугалимдер эмес юристер беришет. 

Бегайым Абдыкадырова. “Биринчи радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз